Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 5
Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн адиси Г. Исабекованын кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн адиси Г. Исабекованын бухгалтериянын ишин үзгүлтүкө учуратпоо максатында 1 даана компьютер алып берүү боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Г. Исабекованын 2019- жылдын 20- майынданы айыл өкмөтүнө кириштелген№ И - 45 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Замандын талабына ылайык Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн ишин үзгүлтүкө учуратпоо максатында 1 даана компьютер менен камсыздалсын. Аталган каражат үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражыты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүнФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |