Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 6
Буркан көчөсүнүн тургундарынын Ички жолдорго шагал төшөп ремонттоо боюнча жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Буркан көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 19-майындагы № Жм-42 саны менен кириштелген ички жолдор шагал төшөлүп ремонтоого муктаж экендиги боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргѳндү айыл аймагындагы Буркан көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 19-майындагы № Жм-42 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Аталган айылдын ички жолдоруна шагал төшөп ремонттоого сураган 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты 2019-жылдын II жарым жылдыгында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен аткарууга алынып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |