Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 7
С. Турдалиев көчөсүнүн тургуну Р. Маматалиеванын кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн С. Турдалиев көчөсүнүн тургуну Р. Маматалиеванын уулу Камчыбеков Мусурманкул Калмырзаевичтин ден соолугуна байланыштуу даарыланууга акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Р. Маматалиеванын 2019- жылдын 20- майынданы айыл өкмөтүнө кириштелген № М - 44 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Камчыбеков Мусурманкул Калмырзаевичтин ден соолугуна байланыштуу даарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүнФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |