Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 8
Жалал – Абад шаарынын Шопоков көчөсүнүн № 31- үйүнүн тургуну Атаяров Рысбек Ызабековичтин 120 м2 жер аянты боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Жалал – Абад шаарынын Шопоков көчөсүнүн № 31- үйүнүн тургуну Атаяров
Рысбек Ызабековичтин учурдагы аймактык ПОМ менен техсервистин ортосундагы 120 м2 жер аянтын аукцион аркылуу сатып, мыйзамдаштырып берүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал – Абад шаарынын Шопоков көчөсүнүн № 31- үйүнүн тургуну Р. Атаяровдун 2019-жылдын 19-майындагы № А-41 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Аталган жер аянты 2005-жылы берилип, керектүү документтери бүткөрүлбөй калгандыгына байланыштуу, Аймактык ПОМ менен техсервистин ортосундагы 120 м2 жер аянты аукционго коюлсун.
3. Аукциондун жыйынтыгы чыккандай кийин аталган жер аянтын мыйзам чегинде тийиштүү жаранга бекитип берүү жагы аукцион өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын төрагасы С. Разакуловко жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |