Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-май № 10
№ 23- “Келечек” балдар бакчасына кир жуучу жай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокен райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2019-жылдын 22-майындагы № 09-5/233 сандуу катынын негизинде, аталган балдар бакчасына кир жуучу жай куруу зарыл экендиги жөнүндөгү № 55 Санитардык көрсөтмөсүн угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 22-майындагы № 01-28/136 сандуу сунушу эске алынсын.
2. № 23- “Келечек” балдар бакчасына кир жуучу жай куруу максатында № 18- М. Молдалиев атындагы орто мектептин айланасынан керектүү жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Аталган жер аянтын коопсуз жерден мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |