Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-май № 11
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында Бүргѳндү айыл аймагына алып келинип жаткан техниканын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси тарабынан алынып келинип жаткан техниканын долбоору даярдалган тийиштүү иш кагаздары боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М. Джолдошовдун 2019-жылдын 22-майындагы № Д- 49 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин 2019-жылга айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иш пландарынын долбоору айылдык кеңештин сессиясына сунушталып колдоо тапкандыгын билдиребиз.
3. Аталган долбоорду ишке ашыруу максатында Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын калың катмары жайгашкан жерлерге жана кызыккан тараптарга маалымат жеткирүү, жеке инвесторлорду тартуу жагы “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М. Джолдошовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |