Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-май № 12
Бүргөндү айыл аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларын бекитип берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу, үй жаныбарларын ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү максатында ветеринардык адистердин тарифтерин бекитип берүүнү сурап кайрылган Ж. Осмоновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси Ж. Осмоновдун 2019-жылдын аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М. Джолдошовдун 2019-жылдын 22-майындагы № Д- 49 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу
максатында, ар түрдүү ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү максатында төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
Жылкыга -50 сом; - тоокко – 3 сом;
Кара малга – 50 сом; - клинический осмотр- 200 сом;
Кой, эчкиге – 15 сом; - чөбүн алууга – 500 сом;
Итке – 50 сом; - кесерво (операция) – 2500 сом.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үй жаныбарларын сапаттуу вакциналар менен өз убагында эмдөө Ж. Осмоновко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |