Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-май № 13
Камчыбек-Ата жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасына карштуу өнөр жай, энергетика жана жер-казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Дамба” участкасынан кум- шагыл кенин казып иштетүү үчүн берилген № 6177ТЕ лицензиясын карап чыгып Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 22-майындагы № 01-16/395 сандуу сунушу, “Камчыбек-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси А.Р. Кебекбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасына карштуу өнөр жай, энергетика жана жер-казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Дамба” участкасынан кум- шагыл кенин казып иштетүү үчүн берилген № 6177ТЕ лицензиясын карап чыгып мыйзам чегинде чечим кабыл алып берүү жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттүн айланасынан кум-шагыл кенин казып пайдалангандыгы үчүн белгиленген жер салыктарын өз убагында төлөп, социалдык жардамга муктаждарга жардам көрсөтүп, коомдук иштерге активдүү катышууну колго алуу жагы “Камчыбек-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисине милдеттендирилсин .
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |