Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 14
А. Сатыкуловдун Бүргөндү таза суу ишканасынын ишин жакшыртуу боюнча жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү таза суу ишканасынын 5-6 жылдык аткарган иштеринин жыйынтыгынын негизинде айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 17-майындагы № 01-16/370 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү таза суу ишканасынын жетекчиси М. Абдиевтин 5-6 жылдык аткарган иштеринин натыйжасында алгылыктуу иш алып барбагандыгы белгиленсин.
3. Бүргөндү таза суу ишканасынын ишин үзгүлтүкө учуратпоо максатында жоопкерчиликти сезе билген жетекчини дайындап, аталган иш кананын ишин мындан аары улантууга шарт түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бүргөндү таза суу ишканасынын ишин натыйжалуу алып баруу, ар квартал сайын айылдык кеңештин сессиясына жана айыл өкмөтүнө аткарган иштери боюнча отчетун берип туруу жагы таза суу ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |