Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 16
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А . Оморбековдунсунушун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун 2019-жылдын 23-майында № О-56 саны менен кириштелген Айылдык кеңештин алдында түзүлгөн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиясынын отурумунун №2-протоколунда каралган Мамажанов Махаматисак Апсаламовичтин пайдаланып келе жаткан жер аянты боюнча жазган сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун 2019-жылдын 23-майындагы № О-56 саны менен кириштелген сунушу эске алынсын.
2. Ууру-Жар айылынын тургуну Мамажанов Маматисак Апсаламовичтин мындан 7-8 жыл алдын Борсолдой айылындагы адыр жерден жер ачып өз каражаттарынын эсебинен суу чыгарып жогорку суммадагы каражат жумшагандыгы эске алынсын.
3. М. Мамажановко Борсолдой айылынан 15,0 га өзү пайдаланып жаткан жерден, 15,0 га жер аянты башка жерден болуп жалпысы 30,0 га жер аянты көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага берилсин.
4. Аталган жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү, эки тараптуу келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |