Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 25
Борсолдой айылынын тургуну Молошов Абдыразактын 315,0 кв.м жер аянты жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн Жер участокторуна жеке менчик укуктарды берүү процесин ишке ашыруу боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 16-мартындагы № 2-протоколун менен таанышып чыгып, айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун 2019-жылдын 23-майындагы № О- 55 саны менен кириштелген сунушу эске алынсын.
2. Борсолдой айылынын тургуну Молошов Абдразактын 315,0 кв.м жер аянты көп жылдан бери пайдаланып келе жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 сандуу токтомунун 4 - беренесинин 11 – бөлүмүнө ылайык түз сатуу жолу менен жеке менчигине бекитилип берилсин.
3. Аталган жер аянтына тийиштүү иш кагаздары менен таанышып чыгып, мыйзам чегинде чечим кабыл алып берүү жагы атайын түзүлгөн комиссиянын төрагасы С. Разакуловко жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |