Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 26
Жеңиш айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер аянттарынан 200,0 кв. м жер тилкеси жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн Жер участокторуна жеке менчик укуктарды берүү процесин ишке ашыруу боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 16-мартындагы № 2-протоколун менен таанышып чыгып, айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековдун 2019-жылдын 23-майындагы № О- 55 саны менен кириштелген сунушу эске алынсын.
2. Жеңиш айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер аянттарынан 200,0 кв.м жер тилкеси аукцион аркылуу сатууга коюлсун.
3. Аукциондун жыйынтыгы чыккандай кийин аталган жер аянтын мыйзам чегинде тийиштүү жаранга бекитип берүү жагы аукцион өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын төрагасы С. Разакуловко жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |