Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /125
Билим берүү мекемелеринин иштѳѳ абалы жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштѳѳ абалы жѳнүндѳ берген “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият,спорт жана дин маселелери боюнча”туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштѳѳ абалы жѳнүндѳ берген “Социалдык, билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча”туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин китепканасына,соц. мугалимдин кабинетине эмеректер,класстарга шкаф, мектаптин актовый залына стол, стул интерактивдүү досканы, Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин сан узелин оңдоп борбордук канализацияга улоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоону жана № 28 орто мектебинин спорт зал маселесин жана соц. мугалимдин кабинетине эмерек алып берүүнү 2019-жылдын иш-планына киргизүүнү мэрияга сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |