Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /126
Ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, шаардык Кеңештин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулгандыктан алар кирген туруктуу комиссиясынын курамынан чыгаруу жана саясий партиянын жетектѳѳчү органы тарабынан сунушталган саясий партиялардын тизмесиндеги шайланган депутаттардын туруктуу комиссиянын курамына киргизүү боюнча 2017-жылдын 19-январындагы № 01-05/05 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ Мыйзамына жана
“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шаардык Кеңештин депутаттары Масиров Кеңешбек Ногойкуловичтин жана Атчабарова Замиракан Калиевнанын депутаттык ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулгандыгына байланыштуу алар мүчѳ болгон туруктуу комиссиялардын курамынан чыгарылсын.
2. Саясий партиялардын жетектѳѳчү органы тарабынан сунушталган саясийй партиялардын тизмеси боюнча шайланган Ажибаева Калыскан шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият,спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына,Орозматов Садирбек Кадыржанович шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук укук тартиби,депутаттык иш, Регламент,этика жана коррупция каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчѳлүккѳ бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |