Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /127
2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилинекарата жергиликтүү бюджеттен акчакаражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIIчакырылышынын кезектеги XV сессиясы,шаар аймагындагы социалдык обьектилердин 2018-2019-жылдын
күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик,жер,ѳнѳр жай, курулуш,транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын жана “Бюджет,каржы, экономика ,салык,
инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджеттен ѳздүк салым бѳлүп берүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, ѳнѳр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча “ туруктуу комиссиянын жана “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча “ туруктуу комиссиянын берген кортундусу эске алынсын.
2. Республикалык дем берүүчү грантка Кочкор-Ата колледжине кичи футбол аянтчасын куруу, № 14 И.М.Губкин, № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептеринин терезелерин заманбап металопластик терезелерине алмаштыруу, областтык ѳнүктүрүү фондуна “Коопсуз шаар” долбоорлору жана Кочкор-Ата шаарынын № 28 Ч.А. Айтматов атындагы орто мектебине жабык типтеги футбол аянтчасынын долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.
3. Республикалык дем берүүчү грантка Кочкор-Ата колледжине кичи футбол аянтчасын курууга-1 287 904( бир миллион эки жүз сексен жети миң тогуз жүз тѳрт) сом,№ 14 И.М.Губкин, № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептеринин терезелерин заманбап металопластик терезелерине алмаштырууга-1 200 163 ( бир миллион эки жүз мин бир жүз алтымыш үч)сом, областтык ѳнүктүрүү фондуна “ Коопсуз шаар “долбооруна-534 533(беш жүз отуз тѳрт миң беш жүз отуз үч) сом жана Кочкор-Ата шаарынын № 28 Ч.Т.Айтматов атындагы орто мектебине жабык типтеги футбол аянтчасынын долборуна -2 042 360(эки миллион кырк эки миң үч жүз алтымыш) сом жергиликтүү бюджеттен ѳздүк салым катары бѳлүнүп берилсин.
4. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттен аткарылуучу иштердин иш планына Н.Исанов атындагы жатак гимазия мектебинин окуу имаратын жана жатакананын эшик, терезелерин заманбап металопластик терезелерине алмаштырууну киргизүү шаардык мэрияга сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын шаардык Кеңештин “Бюджет,каржы экономика,салык,инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана “Муниципалдык менчик,жер,ѳнѳр жай,курулуш,транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссияларга жуктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |