Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /128
Профилин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңештин ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе кѳчѳсунун № 46 үйүнүн тургуну Кыдыралиева Дильзат Мавланкуловнанын жеке менчигиндеги 30 м үйүнүн багытын “соода түйүнү” деп ѳзгѳртүп берүү боюнча жазган арызы шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик,жер, ѳнѳр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча”туруктуу комиссиясы карап берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик,жер,ѳнѳр жай, курулуш, транспорт жана энергеимка маселелери боюнча”туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Кыдыралиева Дильзат Мавланкуловнанын Фрунзе кѳчѳсүндѳ жайгашкан №46 үйүнүн 30 м пайдалануу багытын “соода түйүнү” деп ѳзгѳртүүгѳ уруксат берилсин.
3. Пайдалануу багытын ѳзгѳртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳну шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик,жер,ѳнѳр жай, курулуш,транспорт жана энергетика маселелери боюнча”туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |