Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /129
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобосун жана комиссиянын курамын бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышын кезектеги XV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобосу жана комиссиянын курамы бекитүү боюнча мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо Боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобосу № 1-тиркемеге ылайык Бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо Боюнча комиссиясынын курамы № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну комиссия курамына жана Мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби,депутаттык иш, Регламент,этика жана Коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу Комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |