Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /130
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодексин бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын коомдогу социалдык ордун, аброюн жогорулатуу, ишмердигиндеги мамилелерин, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарындагы, юридикалык жана физикалык тараптар менен ѳз ара мамилелерин жана эл алдында чыгып сүйлѳѳдѳгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодексин угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин депутаттарына жүктѳлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук ,укук тартиби,депутаттык иш, Регламент, этика жана Коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |