Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 01-5 /132
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, шаар мэриясынын бир канча штаттык бирдигин кармап алардын айлык маянасын, дарылануу жѳлѳк пулун жана эмгек ѳргүүсүн тѳлѳп берип жаткандыктан шаардын инфраструктурасын кѳтѳрүү үчүн түзүлгѳн келишимдер акча каражатынын жетишисидигинен толугу менен аткарылбай калып жаткандыгын же келишимде кѳрсѳтүлгѳн жумуштарды толугу менен аткарылбай калып жаткандыгын же келишимде кѳрсѳтүлгѳн жумуштарды толугу менен аткарып ушул күнгѳ чейин шаар эли пайдаланып жана пайдалануу жана кабыл алуу актысы бар экендигин берген мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук ,укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана
коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук,укук тартиби,депутаттык иш,Регламент,этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча”туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардын инфраструктурасын кѳтѳрүүгѳ жасалган жумуштарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин үнѳмдѳлгѳн бѳлүгүнѳн Муниципалдык менчикти башкаруу Жепартаментинин банктык эсебине 591 199 (беш жуз токсон бир миң бир жүз токсон тогуз )сом акча каражаты колдоо катарында чегерилип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын жана каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳну шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук,укук тартиби, депутаттык иш, Регламент,этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |