КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 01-5 /133
Шаардык мэриянын аткаруучулук тартибин кароо жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын XV сессиясы
шаардык Кеңештин 2018-жылга бекитилген иш-планынын негизинде, шаардык Кеңештин токтомдорун жана шаар тургундарынын келип түшкѳн арыздардын аткарылышы боюнча шаардык мэриянын аткаруучулук тартибин кароо маселеси боюнча шаардык Кеңештин тѳрагасынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шаардык Кеңештин токтомдорунун жана шаар тургундарынан келип тушкѳн арыздардын аткарылышы боюнча шаардык мэриянын аткаруучулук тартибин кароо маселеси боюнча берген шаардык Кеңештин тѳрагасынын орун басарынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык Кеңештин токтомдорунун мыйзамда белгиленген мѳѳнѳт ичинде ѳз убагында каттоого алып,жооптуу кызматкерлерден талап кылууну мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин тѳрагасынын орун басарына жана жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |