Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-декабры № 01-5 /134

Бѳлүмдѳн бѳлүмгѳ которуу жѳнүндѳ

 Кочкор-Ата шаардык Кеңеши ХХVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын,шаарыбыздын №14 орто мектебинин жана №28 Ч.Т.Айтматов атындагы орто мектебинин учурдагы ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражаты иштелбей калып кеткендиктен мектеп директорлору интеративдүү доска жана компьютер алып берүүгө сураган кайрылуусун карап чыгып шаардык Кеңешинин “Бюджет,каржы,экономика, салык,инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы берген корутундуну угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комисссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Жыл башында мектептердин учурдагы ремонту үчүн каралган акча каражатынын багыты өзгөртүп мектептерге интерактивдүү доска жана компьютер алып берүүгө уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин “Бюджет,каржы,экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов