Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 137
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2018-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2018-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчётун жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2018-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2018-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. 2018-жылдын 12-февралындагы № 01-5/72-жана № 01-5/75-токтомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |