Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 139
Кочкор-Ата шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекетеги XVII сессиясы, шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Мамадияровдун Кочкор-Ата шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Крыгыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 1-тиркемеге ылайык 81 568,0 (сексен бир миллион беш жүз алтымыш сегиз миң)сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2-тиркемеге ылайык 81 568,0 (сексен бир миллион беш жүз алтымыш сегиз миң)сом өлчөмүндө бекитилип, киреше салыгынан 5 588,1сом, айыл чарбасында болбогон жер салыгынан 220 500сом, сатуудан алынуучу салыктан 755 100 сом жалпысы 6 563,7 сом акча каражатын кыскартуу жагын Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинен суралсын жана төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.
- шаардык мэриянын аппаратынын чыгымы 7 798 200 (жети миллион жети жүз токсон сегиз миң эки жүз) сом, анын ичинен: аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 2 974 500сом, социалдык фондко чегерүү 502 000сом, сапар чыгымы 560 000сом, таза сууга 22 000сом, электр энергиясына 50 000сом, байланыш үчүн 157 600сом, имараттын ремонту үчүн 60 000сом, чарбалык буюмдар үчүн 200 000сом, улуттук масштабдагы иш-чараларга жана даталуу күндөргө 1 500 000 сом, жаштардын жылдык иш-чараларына 300 000сом,
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун резервдик фондуна 734 400сом, түрдүү буюмдар сатып алуу үчүн 420 000сом, Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык үчүн 300 000сом, Акыйкат гезитине кредитордук карыз 17 700сом
- шаардык Кеңештин аппаратына 1 215 800 (бир миллион эки жүз он беш миң сегиз жүз) сом анын ичинде; аппарат кызматкерлеринин эмнек маянасы 913 800сом, социалдык фондко чегерүүлөр 135 400сом, сапар чыгымына 95 000сом, байланыш үчүн 21 600сом, түрдүү чыгым 50 000сом, имараттын ичин капиталдык ремонттоо үчүн 250 000сом.
- шаардын инфраструктурасын жакшыртууга курулуш иштери үчүн 41 831 100 (кырк бир миллион сегиз жүз отуз бир миң бир жүз) сом анын ичинен; курулуш иштерине 27 779 200сом, Тазалык ишканасына 6 200 000сом, түнкү жарыктандырууга электр энергиясы үчүн 650 000сом, кредитордук карыздар 7 201 900сом.
- шаардык китепканага – 429 700(төрт жүз жыйырма тогуз миң жети жүз)сом анын ичинен; эмгек маянага 263 700сом, социалдык фондко чегерүү 45 500сом, сапар чыгымына 15 000сом, электр энергиясына 7 500сом, таза сууга 10 000сом, китеп алууга 50 000сом, байланыш үчүн 18 000сом, башка чыгымда 20 000сом.
- Балдар бакчасы үчүн 7 363 700(жети миллион үч жүз алтымыш үч миң жети жүз)сом анын ичинен; таза сууга 140 000сом, электр энергиясына 140 000сом, санитардык чыгымга 22 500сом, жаратылыш газына-80 000сом, байланыш үчүн 30 000сом, тамак-аш чыгымына 1 057 100сом, жылуулук үчүн 232 900сом, 2019-жылдын 01-январына жылуулук үчүн кредитордук карыз – 150 000сом, учурдагы ремонт үчүн 217 000сом, Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчасынын ички жасалгалоосу үчүн 400 000сом, көмүр сатып алууга 230 600сом, Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчанын идиш-аяктарына 146 000сом, каттуу жана жумшак буюмдар үчүн 2 354 000сом, канализация жана очок курууга 1 150 000сом, 2019-жылдын 01-январына карата Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчасынын курулушна кредитордук карыз- 1 013 600сом.
- мектептердин корголуучу чыгымдары- 15 560 200 (он беш миллион беш жүз алтымыш миң эки жүз)сом, анын ичинен; таза сууга 260 000сом, электр энергиясына 250 000сом, жылуулук чыгымына- 6 500 000сом, 2019-жылдын 01-январына жылуулук үчүн кредитордук карыз – 3 267 200сом, байланыш үчүн-50 500сом, учурдагы ремонт үчүн- 390 000сом, парта, стулдарды ремонттоо үчүн – 450 000сом, негизги каражат үчүн – 350 000сом, санитардык чыгым – 50 100сом, № 14 орто мектептин жылытуу системасын өзгөртүүгө 1 750 000сом, № 15- Беки уулу Семетей орто мектебинин канализация, вентиляция жана башка иштерине 200 000сом, № 28 Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинин жабык типтеги кичи футбол аянча курууга 2 042 400сом.
- Балдар чыгармачылык үйүнө жана спорт мектебине 2 869 300 (эки миллион сегиз жүз алтымыш тогуз миң үч жүз)сом анын ичинен; балдар чыгармачылык үйүнө 769 300сом, электр энергиясына 7500сом, байланыш үчүн 18 000сом, жылуулук чыгымы 140 800сом, 2019-жылдын 01-январына карата жылуулук үчүн кредитордук карыз- 150 000сом, оңдоо иштерине 50 000сом, маданий иш чаралар үчүн балдарга форма алууга - 100 000сом, түрдүү чыгым- 23 000 сом, түрдүү буюмдар чыгымы 230 000сом,
- балдар спорт мектебине 2 100 000сом- сапар чыгымы 1 000 000сом, байланыш үчүн 15 000сом, түрдүү чыгым 300 000сом, түрдүү буюмдар чыгымы 785 000сом.
- социалдык бөлүмгө 2 500 000сом.
- ата-энелерден түшүүчү төлөм 2 000 000(эки миллион) сом. Анын ичинен пианино, холодильник, эл плита – 150 000сом, чарбалык буюмдарга 400 000сом, тамак-аш чыгымына 1 450 000сом.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен 2019-жылдын 01-январына карата 30 000(отуз миң) сом кассалык накталай акча каражаты белгиленсин.
4. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашалары корголуучу чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
5. «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата Кыргыз Республикасынын Жарлыгында көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше булагынын дараметин көтөрүү чаралары колго алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |