Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 140
Жыл башында калган калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекетеги XVII сессиясы, шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Мамадияровдун Кочкор-Ата шаарынын 2019-жылдын жыл башында калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Крыгыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын жыл башында калган 3 291 800 (үч миллион эки жүз токсон бир миң сегиз жүз)сом калдык акча каражаты 2019-жылга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
- шаардык Кеңештин жана шаардык мэриянын аппарат кызматкерлерине ар бир жумушчу күнүнө 250сомдон компенсация жалпысы 1 477 500сом, социалдык фондко чегерүүсү 254 869сом
- юристке айына 8750сомдон жалпысы 122 500сом, социалдык фондко чегерүү 18 112сом.
- Коомдук алдын алуу борборунун 14(он төрт) мүчөсүнө 9500сомдон жалпы суммасы 534 000сом, социалдык фондко чегерүү 92 100сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |