Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 141
2019-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-планын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын 2019-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө түзүлгөн иш-планы боюнча берген вице-мэрдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаарынын 2019-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Кыргыз Республикасынын Жарлыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү пунктарын аткарууга алынсын.
3. Шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-планында көрсөтүлгөн иштерди аткарууда өндүрүштүк зарылчылыка жараша жана сатып алуу мыйзамына ылайык иштердин суммасын бөлүмдөн бөлүмгө котору жана өзгөртүү киригизүү шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну вице-мэрге жана сатып алуу бөлүмүнүн башчысна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну өзүмө калтырам.
Төрага | С.Т.Маматкулов |