Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 143
Социалдык жардамга муктаж болгон шаар тургундарынын материалдык жардам сураган арыздарын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Жаштык көчөсүнүн тургуну Козубекова Чолпондун баласынын көзү тубаса көрбөгөндүктөн баласынын көзүн операция жасатууга, Раззаков көчөсүнүн тургуну Мурзакулова Жанаргулдүн уулунун кулагы судороги болгондон кийин укпай калып эми Турцияда операция жасатууга эки миллион сом жардам сураган арызын, Монтажная көчөсүнүн 5/7 үйүнүн тургуну Алимова Гульайымдын жолдошу Жумабаев Толонбек Москва шаарында курулуш объектиден жыгылып баш сөөгүнөн оор жаракат алып операция жасатууга акча сураган арызын, Фрунзе көчөсүнүн 46/2 үйүнүн тургуну Кыдыралиева Дилзаттын 10 айлык кызынын операциясына, Садовая көчөсүнүн тургуну I группадагы майып Касымова Гульчехранын онкологиялык оору менен ооруп жакында Ош шаарында боло турган операцияга жардам сураган арызын жана Келечек көчөсүнүн тургуну Кадырбекова Гулнаранын 2011-жылы туулган кызы Калмаматова Мираиданын баш сөөгүндөгү шишикти алдырууга каражат сураган арызы боюнча шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын окуган корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын береген корутундусу эске жана аткарууга алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган Жаштык көчөсүнүн тургуну Козубекова Чолпонго, Раззаков көчөсүнүн тургуну Мурзакулова Жанаргулгө, Монтажная көчөсүнүн 5/7 үйүнүн тургуну Алимова Гульайымга, Фрунзе көчөсүнүн 46/2 үйүнүн тургуну Кыдыралиева Дилзатга, Садовая көчөсүнүн тургуну Касымов Фуркатка жана Келечек көчөсүнүн тургуну Кадырбекова Гулнарага ар бирине 50 000(элүү миң)сомдон жергиликтүү бюджеттин социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жана керектелүүчү 300 000(үч жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагын шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |