Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 144
Шаардык Кеңештин иш-планын бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги Х VII сессиясы,Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2019-жылга аткарылуучу иштердин иш-планынын долбоорун угуп жана талкулап,Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнундѳ” Мыйзамын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2019-жылга түзүлгѳн иш-планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык Кеңештин 2018-жылдын 30-мартындагы кезектеги Х сессиясынын Кочкор Ата шаардык Кеңешинин 2018 жылга иш мерчемин бекитүү жөнүндѳ №01-05/85-токтому аткарылган катары кѳзѳмѳлдѳн алынсын.
3. Шаардык Кеңештин 2019-жылга бекитилген иш-пландын пунктарынын
Аткарылышына камсыз кылууну шаардык Кеңештин жооптуу катчысына
Жана туруктуу комиссиялардын тѳрагаларына жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага | С.Т.Маматкулов |