Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 147
Ноокен райондук согуш, куралдуу күчтѳр, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин, ооруктагы эмгекчилердин кеңешинин тѳрагасы А.М. Токтогуловдун жазган кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Ноокен райондук согуш, куралдуу күчтѳр, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин, ооруктагы эмгекчилердин кеңешинин тѳрагасы А.М. Токтогуловдун жазган кайрылуусу, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын тѳрагасынын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райндук согуш, куралдуу күчтѳр, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин, ооруктагы эмгекчилердин кеңешинин тѳрагасы А.М.Токтогуловдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жана керектелүүчү 50 000 ( элүү миң) сом акча каражатын мэрдин резерв фондунан бѳлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге жана мэриянын каржы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |