Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 148
Коомдук алдын алуу Борборунун 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Коомдук алдын алуу Борборунун 2019-жылга аткарылуучу иштердин иш-планынын долбоорун, кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу Борборунун тѳрагасы Б.Артыковдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Коомдук алдын алуу Борборунун 2019-жылга түзүлгѳн иш-планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жѳнүндѳ 2005-жылдын 25-июнундагы №82-Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 “Коомдук алдын алуу борборунун уставын бекитүү жѳнүндѳ” токтомун жетекчиликке алышсын.
4. Укук бузуулардын алдын алуу, жаштар менен иштѳѳ, ыксыз чыгымдарын кыскартуу, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда ѳзүн маданияттуу алып жүрүү иштерин Эл башы, Квартал башчылары, Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, шаардын имамы жана шаардык ички иштер бѳлүмү менен биргеликте шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүүнү;
- Коомдук алдын алуу борборунун иштерин жакшыртуу максатында, маданий массалык иш-чараларды уюштуруу жана ѳткѳрүү секцияларын уюштурсун.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |