Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 149
Кочкор-Ата шаарынын Ардагерлер Кеңешинин кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Ардагерлер Кеңешинин кайрылуусун, шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын тѳрагасы А.Нышанкуловдун берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Ардагерлер Кеңешинин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата Ардагерлер Кеңешинин мүчѳлѳрү Коомдук алдын алуу Борборуна мүчѳ болуп киргизилсин, Ардагерлер Кеңешинин тѳрагасына квартал сайын КААБга мүчѳ катары отчет берип туруусу милдеттендирилсин жана квартал сайын сыйлоо кѳрсѳтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге жүктѳлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрѳшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |