Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 150
Кочкор-Ата шаар аймагында жашаган шаар тургундарынан материалдык жардам сурап кайрылган арыздар жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги
XVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Октябрьская кѳчѳсүнүн №23-10 үйүнүн тургуну Момушаев Акрамжан ден соолугуну калыбына келтирүү үчүн. Луговая кѳчѳсүнүн №30-5 үйүнүн тургуну Джолборсова Венеранын уулу Алтынбеков Бекболсундун эки бѳйрѳгү тең солуп Туркияда боло турган операцияга жардам сураган. Разаков кѳчѳсүнүн №7 үйүнүн тургуну Ахмедова Касиет 1993-жылы туулган уулу Турсункулов Акылбек сегиз жашынан бери кант диабет оорусу менен ооруп, 2016-жылдан баштап эки кѳзү кѳрбѳй калган Россия федерациясынын Москва шаарында боло турган операцияга жардам сураган арызы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча ” туруктуу комиссиянын тѳрайымынын окуган корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Октябрьская кѳчѳсүнүн №23-10 үйүнүн тургуну Момушаев Акрамжандын, Луговая кѳчѳсүнүн №30-5 үйүнүн тургуну Джолборсова Венеранын, Разаков кѳчѳсүнүн №7 үйүнүн тургуну Ахмедова Касиеттин жазган арыздары канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо,
маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын
берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган Октябрьская кѳчѳсүн №23-10 үйүнүн тургуну Момушаев Акрамжанга 30000 (отуз миң) сом, Луговая кѳчѳсүнүн №30-5 үйүнүн тургуну Джолборсова Венерага 50000(элүү миң)сом, Разаков кѳчѳсүнүн №7 үйүнүн туругуну Ахмедова Касиетке 50000 (элүү миң) жергиликтүү бюджеттин социалдык бѳлүмгѳ бѳлүнгѳн акча каражаттын эсебинен ажыратылып берилсин
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жана керектелүүчү 130000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражатын бѳлүп берүү жагын шаар мэриясынын каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |