Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 151
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык отчетун угуу жѳнүндѳ.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги
XVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч. Осоровдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч. Осоровдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча берген 12 (он эки) айлык отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленген 2018-жыл аралыгында келтирилген кемчиликтерди жоюу жана ага жол бербѳѳнү муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |