Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 158
«Жомок» балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринин тɵлɵнүүчү тɵлɵмүн көтөрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, шаар мэриясынын 2019 жылдын 16-майындагы № 01-36/635 сандуу кайрылуусун жана «Жомок» балдар бакчасынын ата-энелер жааматынын жыйналышынын № 11 протоколунун негизинде, «Жомок» балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын ата-энелерден түшүүчү төлөмдүн (взнос) көтөрүүнү талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар мэриясынын 2019 жылдын 16-майындагы № 01-36/635 сандуу кайрылуусу жана «Жомок» балдар бакчасынын ата-энелер жааматынын жыйналышынын № 11 протоколу канааттандырылсын.
2. «Жомок» муниципалдык балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энесинен түшүүчү (взнос) төлөмдүн суммасы бир айга 1000(бир миӊ) сом өлчөмдө белгиленип бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган жана ата-энелерден түшүүчү төлөмдөн (взностон) тышкары башка фонддорду ачууга тыюу салынсын.
4. Ушул токтомдун үчүнчү пунктун аткарбаган балдар бакчасынын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонулушу белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэриянын каржы-экономика бɵлүмүнүн башчысына жана балдар бакчасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |