Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 01-5/ 159
Кочкор-Ата аймактык оорукананын аймагына кир жуучу жай куруу долбоорун приоритеттүү деп табуу жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Кочкор-Ата аймактык кир жуучу жай куруу долбоору боюнча Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын жашоочуларынын № 9 жыйынынын протоколу, шаар мэриясынын 2019-жылдын 25-апрелиндеги №01-36/537 кайрылуусу жана Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын №01-14/180 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата аймактык оорукананын аймагына кир жуучу жай куруу долбоору приоритеттүү деп табылсын.
4. Жалал-Абад областтык региондорду ѳнүктүрүү фондуна, Кочкор-Ата аймактык оорукананын аймагына кир жуучу жай куруу долбоору сунушталсын.
5. Кир жуучу жайынын жаңы имаратын куруу үчүн 804 663 (сегиз жүз тѳрт миң алты жүз алтымыш үч) сом акча каражаты Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын ѳздүк салымын эсебинен каржылансын
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | С.Т.Маматкулов |