Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы
2019-жылдын 22-январы № 3
Могол айылдык Кенешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Могол айылдык Кенешинин 2019-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектегиХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Могол айылдык Кенешинин 2019 -жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Омурзаков |
Могол айылдык Кеңешинин
2019-жылдын 22-январындагы кезектеги
ХIV-сессиясынын №3-токтомуна тиркеме
№ |
Каралуучу иш пландардын мазмуну |
Убактысы |
Ким даярдайт
|
1 | 1. Могол айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн бекитүү жөнүндө. 2. Могол айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү. 3. Могол айылдык Кенешинин иш планын бекитүү. 4. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү 5. Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин аткарылышын угуу жана 2019-жылга бюджетин бекитүү. 6. Муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин жана стандарттарын бекитүү. |
I-кв |
Депутаттык топ |
2 | 1.Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу. 2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо. |
II -кв |
Депутаттык топ |
3 | 1.Могол айыл өкмөтүнүн аткарган иштеринин 6-айлык отчетун угуу. 2. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө. |
III -кв |
Депутаттык топ |
4 | 1. Мамлекеттик ишканалардын отчетун угуу. | IV- кв | Депутаттык топ |
Могол айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Р.Юлдашев