Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы
2019-жылдын 22-январы № 9
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2019-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоого алуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2019-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2019-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Омурзаков |