Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 12/2
Таза суу объектилерин, чакан көлмөлөрдү, саздак жерлерди, сугат суу өткөн каналдарды (дрена) жана кээ бир айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесинин “Шаардык жана айылдык Кенештеринин компетенциясы”негизинде, жана Кыргыз Республикасынын “Муиципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин 2-пунтуна, 5-главасынын 19-беренесине “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиктеги мүлктөрүн башкаруу боюнча компетенциясы жөнүндө” ылайык, ошондой эле Красный Восток айыл аймагынын карамагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кээ бир жер тилкелерин, чакан көлмөлөрдү, саздак жерлерди, таза суу объектилерин жана сугат суу өтүүчү каналдады (дрена) муниципалдык менчикке өткөрүп айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Красный Восток айыл аймагынын карамагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кээ бир жер тилкелерин, чакан көлмөлөрдү, саздак жерлерди, таза суу объектилерин жана сугат суу өтүүчү каналдарды (дрена) муниципалдык менчикке өткөрүп айыл өкмөттүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Красный Восток айыл аймагынын жер маселелер боюнча адиси (Токчулуков М.А.) Жайыл районунун архитектура жана шаар куруу башкармлыгында жана Жайыл районунун жерге жайгаштыруу Департамент башкармалыгында каттоо тууралуу тиешелуу иш кагаздарын даярдоо ишин алып барсын.
3. Красный Восток айыл аймагынын карамагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кээ бир жер тилкелерин, чакан көлмөлөрдү, саздак жерлерди, таза суу объектилерин жана сугат суу өтүүчү каналдарды (дрена) айыл өкмөтүнүн балансына алгандан кийин, Красный Восток айыл өкмөтүнө муниципалдык менчиктеги мүлктөр боюнча айлана чөйрөгө жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама каршылык келтирбегендей ар кандай иш чараларды алып баруусуна макулдук берилсин.
4. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтына чыгарылсын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).
5. Краный Восток айылдык Кенешинин “Таза суу объектилерин, чакан көлмөлөрдү, саздак жерлерди, сугат суу өткөн каналдарды (дрена) жана кээ бир айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө” токтому Кыргыз Республикасынын адилет министирлигинин аймактык бөлүгүндө мамлекеттик каттоодо катталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Красный Восток айылдык Кенешинин жер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Закиров |