Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 12/4
Накталай акча каражатын банктын гранттык эсебине которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесинин негизинде, “Красный Восток айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар коому (ЖПК) учун электргенераторун сатып алуу жөнүндө” чакан долбоорун ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 1- августундагы каттоо коду №08209814-01-03 “Жайыт жана малчарбачлыгынын башкаруусун жакшыртуу жөнүндө” рамкалык долбоор менен гранттык каражатты алууга, Красный Восток айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар коому, Красный Восток айылдык Кенеши менен АРИС ортосундагы 2017-жылдын 24-мартындагы №08209814-01 рамкалык макулдашуусуна толуктоолордун киргизилгендигине ылайык, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакан долбоорду ишке ашырууга ЖМБЖДнын төртүнчү гранттык эсебинен каражат болүү үчүн, Красный Восток айыл аймагынын “Мин-Токум” жайыт пайдалануучулар коомунун (ЖПК) банктын гранттык эсебине 13700 (он үч миң жети жүз) сом которулсун.
2. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтына чыгарылсын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестринде катталган убактан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Красный Восток айылдык Кенешинин бюджет боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Закиров |