Загрузка документа…
САЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-майы № 2/33
Залеж жерди кайрак айдоого которуу жөнүндө
2006-жылдан бери айдалбай залеж болуп келген “Шорго” участкасындагы 3- контурда жайгашкан 221,1 га жер участкасын кайрак айдоого которуу боюнча Саз айыл өкмөтүнүн жер адисинин кайрылуусунун негизинде Саз айылдык кенеш карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2006-жылдан бери айдалбай залеж болуп келген “Шорго” участкасындагы 3- контурда жайгашкан 221,1 га жер участкасы кайрак айдоого которулсун .
2. Саз айыл өкмөтүнүн жер кадастрына өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Есеналиевке жүктөлсүн.
Төрага | К.Сарымсаков |