Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын №18 – кезексиз сессиясы
2019-жылдын 7-февралы № 18/20
Новопавловка айылдык Кеңешинин 23-январь 2019-жылы №16 сессияда кабыл алынган Новопавловка айылынын №4, №5, №113, №168, №477, №498, №519, №520 контурларындагы айыл чарба максатындагы тамдар салынып кеткен жалпы аянты 403 га жер аянтын «Шамшы-2016» коомдук фондуна 5(беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берүү тууралуу чечиминин мыйзамдуу негиздүүлүгүн кайра карап чыгуу боюнча депутат О.Омуровдун сунушун угуп жана талкуулап Новопавловка айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык Кеңешинин 23.01.2019-ж. №16 сессиясынын Новопавловка айылынын №4, №5, №113, №168, №477, №498, №519, №520 контурларындагы турак үйлөр курулган жалпы аянты 403 га айыл чарба максатындагы жер аянтын «Шамшы-2016» Коомдук фондуна 5(беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берүү тууралуу чыккан №16/1токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | А. Табалдиев |