Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХVI-27-чакырылыш
2019-жылдын 25-январы № 72
АЧКМФ жерлерин ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Красная Речка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматовдун “АЧКМФ жерлерин ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.06.2017-жылдагы №243 14 – пунткта көрсөтүлгөн “Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобого ылайык
Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АЧКМФ жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө:
№644 – контурдагы Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин баштапкы баасы – 7,4 га – 7000 сом (жети мин) сом – 15 жылдык мөөнөткө мөмөлүү дарактарды отургузуу талап кылынат;
№645 контурдагы айдоо жери – 9,6 га- 4160 (төрт мин бир жүз алтымыш сом)биринчи жылы, андан кийинки жылдары 5000 сом (беш мин сом) – 5 жылдык мөөнөткө планировка
№641 – контурдагы кайрак айдоо жери – 8,32 га – 1500 сом (бир мин беш жүз сом) – 5 жылдык мөөнөткө
№613 – контурдагы кайрак айдоо жери – 3,15 га – 1000 сом ( мин сом) – 5 жылдык мөөнөткө
№687 – контурдагы кайрак айдоо жери – 15,0 га га – 1200 сом (бир мин эки жүз сом) – 5 жылдык мөөнөткө
№641 – контурдагы айдоо жери – 3,0 га – 3000 сом (үч мин сом) – 5 жылдык мөөнөткө
2. Ар бир лот боюнча 10/% кепилдик төлөмдөрү бекитилсин
3. Ар бир лот боюнча баштапкы суммадан 15/% өлчөмдө аукциондук кадам бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Джекшенбеков |