Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХVI-27-чакырылыш
2019-жылдын 25-январы № 74
Ай - Толкун бала бакчасынын капиталдык ремонтунун долбоорун иштеп чыгуу жана жергиликтүү бюджеттен капиталдык ремонтко акча каражатын Чүй облустук өнүктүрүү фонду менен биргелешип каржылоо жөнүндө
Красная Речка айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча жетектөөчү адисинин “Ай – Толкун” бала бакчасынын капиталдык ремонтунун долбоорун иштеп чыгуу жана жергиликтүү бюджеттен капиталдык ремонтко акча каражатын Чүй облустук өнүктүрүү фонду менен биргелешип каржылоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап,
Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ай-Толкун бала бакчасынын капиталдык ремонтунун долбоору иштелип чыгылсын жана Чүй облустук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн
2. 2019 – жылы “Ай –Толкун” бала бакчасынын капиталдык ремонтуна биргелешип каржылоо долбоорунун негизинде жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин 80 000 сом (сексен мин сом), анын ичинен техникалык кызматтар 30 000 сом (отуз мин сом), кызмат санын иликтөөчүгө 30 000 сом (отуз мин сом), өздүк салым 20 000 сом (жыйырма мин сом)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматовко, жер маселеси боюнча жетектөөчү адиси Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Джекшенбеков |