Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы № 27/46
Уч-Коргон айылдык аймактык кеңешин кайрадан атоо, Уставын кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык аймактык кеңешинин уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында 2011- жылдын 16-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамынын 21,31,65- беренелеринин негизинде Уч- Коргон айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун “Уч-Коргон айылдык аймактык кеңеши ” Уч-Коргон айылдык кеңеши болуп кайрадан аталсын жана Уставы жаңы редакцияда кыргыз тилинде кабыл алынсын. (1- тиркеме)
- Уч-Коргон айылдык кеңешинин толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде : Талас облусунун Манас районунун “Уч-Коргон айылдык кеңеши” мекемеси
- Расмий тилде Учреждение “ Уч-Коргонский айыльный кенеш” Манасского района Таласской области .
2. Уч-Коргон айылдык кеңеши тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасы Уметалиев Манасбек Исаевиге жүктөлсүн.
Кеңештин чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы , мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда , кеңешти кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | М.Уметалиев |