Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-февралы № 27/51
Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык Кеңешинин депутаттары, Манас райондук Ооган согушунун ардагерлеринин ”Шурави” коомдук бирикмесинин жалпы жыйынынын №12 токтомунун негизинде Уч-Коргон айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү маселесин кезексиз сессияда талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооган согушунун ардагери, Уч-Коргон айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы Турегелдиев Бактияр Расылканович мекенине кылган кызматын баалап Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына татыктуу деп табылсын.
2. “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын жасатуу боюнча Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Н Сыдыковго жүктөлсүн..
Төрага | М.Уметалиев |