Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-февралы № 27/52
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы жонундө
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Т.Райымбаевтин баяндамасын карап жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу типтүү жобонун 9-пунктунун талабына ылайык,айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин башкаруу келечек планы иштелип чыксын.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери 1645га жер бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Жакыпбековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |