Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-марты № 27/58
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттары Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы болүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Р.Байходжаеванын 2019-жылдын бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүмү тууралуу отчетун угуп,талуулап карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджеттинин киреше бөлүгү айыл өкмөтүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджеттинин кирешелер боюнча бөлүгү 14807,0миң сом жана чыгашалар боюнча 14807,0 миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант 4788,5 миң сом,жергиликтүү бюджеттен 9158,5 миң сомду түзөт (атайын эсеп бала бакчаларга 860,0 миң сом )
3. Айыл өкмөтүнүн бюджеттинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
4. Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө өзгөртүү киргизүү үчүн Уч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия тарабынан каралгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Байходжаевага милдеттендирилсин.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн .(айлык акы ,соц.фонд,тамак аш жана коммуналдык чыгымдар
6. ТЖКЧда иш алып баруу үчүн 11 штаттык бирдик жана архивариус кызматына 0,3 штаттык бирдик ачылсын жана ар кандай чыгымдарына төмөндөгүдөй баардык айылдарда айыл башчылардын иш планына карата иш алып баруу жагы каралсын. Ички көчөлөргө тоо шагылын төгүүгө жана тиричилик таштандыларын жыйноону , ташып чыгарууну уюштурууну аткаруу үчүн Кызыл-Жылдыз айылына 400,0 миң сом акча каражатты бөлүнүп берилсин. Ак-Таш жана Таш-Башат айылдарына 200,0 миң сом . Чоң-Капка айылына 200,0 миң сом ,Жийде айылына 200,0 миң сом , Уч-Коргон айылына 200,0 миң сом , Кеңеш айылына 300,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. ”Саза-Байсуу” суу пайдалануучулар бирикмесинин федерациясына дыйкандардын талаадагы суугат суу каналдардын инфрастуктурасын оңдоп түзөөгө 414,39 миң сом акча каражаты бөлүнсүн .
8. ТЖКЧ каражатынан “Манас-Ата”айкелинин тегерегин оңдоп түзөөгө 157,8 миң сом акча каражаты бөлүнсүн .
9. Уч-Коргон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт салыгынын киреше жана чыгаша бюджети 210,0 миң сом өлчөмүндө бекитилип каралган сметта аркылуу жайыт комитетинин чыгымдарына жумшалсын.
10. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттен 120,0 миң сом “Кол тийгис” акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11. Резервтик фонддон 132,9миң сом накталай акча каражаты берилсин.
12. Чоң-Капка айылындагы “Ай-сезим” бала бакчасына түрткү берүүчү грантына өздүк салым катары 692,6 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
13. Билим берүү бөлүмүнө мектептердин ремонт ж.б ар кандай чыгымдарына 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн .
14. АРИСтен келген техникаларына өздүк салым каражаты боюнча 1159,6 миң сом бөлүнсүн .
15. Социалдык тейлөө чөйрөсүнө жана маданият,спорт иш чараларына 360,0 миң сом акча каражаты тиешелүү кызматкерлер аркылуу чыгымдалсын.
16. Кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында маданият жана билим берүү бөлүмүнө комүр алууга 350,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
17. Айыл өкмөтүндө келишим менен алынган кызмат унаага 120,0 миң сом жана ТЖКЧчы үчүн техникалык кызматынын күйүүчү майларына 90,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
18. Калган акча каражаттар чечмеленген сметанын негизинде бөлүнүп берилсин.
19. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына каралган штаттык бирдик боюнча келишим түзүү жана каржылоо жагы милдеттендирилсин.
20. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы М.Акматовко милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |