Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 3
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XXVI-сессиясы 2018-жылдын атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап
чыгып талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 22414 сом акча каражаты тузгондугу эске алынсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
- Бала бакча бөлүмүнө 2215(ар кандай чыгымдар) статьясынан бала бакчаны жашылдандырууга – 22414 сом,
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Андакулов |