Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 1
Боо-Терек айыл аймагынын Алмабак конушундагы Н. Калматов көчөсүнүн түштүк тарабындагы аты жок көчөгө жана Ак Жер жаңы конушундагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын XХVII – сессиясы айыл аймагындагы Алмабак конушундагы Н. Калматов көчөсүнүн түштүк тарабындагы аты жок көчөгө жана Ак Жер жаңы конушундагы аты жок көчөлөргө (4 көчө) ат коюп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Э. Бейшебаевдин кайрылуусун карап талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Боо -Терек айыл аймагынын Алмабак жаңы конушундагы Н. Калматов көчөсүнүн түштүк тарабындагы аты жок көчө “Алмабак-1”, Ак Жер жаңы конушундагы аты жок
1-көчө “Ак Жер-1”, 2-көчө “Ак Жер-2”, 3-көчө “Ак Жер-3” жана 4-көчө “Ак Жер-4” атындагы көчө болуп аталсын.
2. Аталган көчөлөргө кум шагыл төшөө жана турак үйлөргө табличка жаздырып орнотуу айыл өкмөт башчысы Э. Бейшебаевге жана демөөрчүлөр тобуна жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы
Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Төрага | У. Андакулов |