Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 3
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын XХVII – сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасы боюнча айыл өкмөт башчысы Э. Бейшебаевдин маалыматын угуп, талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу № 451-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктери
14 (он төрт) бирдикте бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Андакулов |