Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-авгусундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» 451 сандуу токтомуна ылайык Талас районунун Нуржанов айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймактын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Жалпы аскердик милдеттерин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300 гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, аскердик - эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1штаттык бирдик) бекитилсин ;
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Нуржанов айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (О.К.Калыбаева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Айталиева Жылдызга жүктөлсүн.
Төрага | Р.Жееналиева |